Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Бишкек: Психикалык ооруканадан качкан киши адамдарга кол салды


Бишкектин №3 кичи районунда бир кишини өлтүрүп, дагы бирөөнү жарадар кылган адам Республикалык психикалык ооруканадан качып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлоодо. Ал шизофрения дартына байланыштуу ооруканада дарыланып жаткан. 14-апрелде кечки саат бештерде качып кеткен. Ошол эле күнү кичи районду аралап, адамдарга кол салган. Түнкү 12ге жакын аны Панфилов көчөсүндөгү "Народный" дүкөнүнөн ичимдик уурдап жаткан жеринен кармашкан. Ал Чүйдүн Москва районунун тургуну экени айтылууда, 1989-жылы туулган. "Колго түшкөндө ал мас экен" деп Ички иштер министрлиги кабарлайт. (RK)

XS
SM
MD
LG