Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Чүйдө 200 үй-бүлө жарыксыз калды


Чүй облусунун Ново-Покровка айылында 200 үй-бүлө жана 6 өнөр жай ишканасы жарыксыз калды. “Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиеванын “Азаттыкка” билидиришче, бүгүн таңга маал жеңил машине аба чубалгыларынын таянычын (столбаны) жыгыта сүзүп кеткен. Натыйжада 70 метр зым үзүлүп, компания 18 млн. сомдук зыян тарткан. Таянычтар оңдолуп, жарык бүгүн калыбына келтирилээри айтылууда.

Бир жыл ичинде таянычтарды сүзүп кетип, аба чубалгылар үзүлгөн 30дан ашуун учур катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG