Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Сирияда парламенттик шайлоо күнү да аткылашуу болду


Сирияда дүйшөмбү күнкү парламенттик шайлоодо бир канча райондордо кагылыш болуп, кеминде үч адам окко учканы айтылууда. Атышуулар көбүнесе Хама жана Идлиб аймактарында орун алды. Сириядагы парламенттик шайлоодо 12 миң шайлоо участкасы ачылды. Бирок оппозиция шайлоого бойкот жарыялап, бул режимдин “көз боёмочулугу” деп атады. Оппозиция президент Башар Асад бийликтен кетмейинче тынчыбай турганын билдирип келет.

Ушундай согуштук кырдаалды эске албай, өз элинин үнүн укпай, адамдар өлүмгө дуушар болуп жатса шайлоо өткөрүп жатат деп Сирия режимин АКШнын мамлекеттик департаменти катуу сынга алды. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун дагы муну жосунсуз жорук катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG