Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Мун: БУУнун Сириядагы байкоочулары катаал шартта иштөөдө


Бириккен Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун Сириянын Дараа шаарындагы БУУнун байкоочулары бараткан автоунааларды жардыргандарды айыптап, эл аралык байкоочулар ушундай катаал шартта иштөөгө мажбур болуп жатканын айтты. Кечээ БУУнун миссиясынын кызматкерлери бараткан автоунаага кол салуудан алты аскер мерт болгон, миссиянын жетекчиси генерал Роберт Муд аман калган.

БУУнун жана Араб өлкөлөрүнүн атайын чабарманы Кофи Аннандын согуштуу токтотуу планын тараптар кабыл алган менен ал аткарылбай калды. Аймакта кагылыш дале уланып, набыт болгондор саны күн санап көбөйүүдө. Генерал Роберт Муд бийликтин дагы, оппозициянын дагы согушту токтотчудай түрү жок экенин айткан.

XS
SM
MD
LG