Ош шаарындагы мектептерди ремонттого ата-энелерден акча алган мугалимдер жумуштан бошотулат. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлайым Машрапова билдирди. Анын айтымында, жайкы эс алуу учурунда мектепти оңдоп-түзөө, тегеректи тазалоо иштерине акчаны башкармалык төлөп берет.
«Буга чейин мугалимдер ошондой жумуштарды киши жалдап жасатышчу. Ал үчүн ата-энелер акча топтоп беришээр эле. Быйылтан баштап окуучулардан акча топтомойду токтотуп, баарын башкармалыктын эсебинен жасай турган болдук», - дейт Машрапова.
Шаарда 56 мектеп бар, үчөө жеке менчик болуп эсептелет. (SE/RK)