Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Грецияда коалициялык өкмөттү түзө албай жатышат


Кризиске баткан Грецияда шайлоодо жеңген партиялар биргелешкен өкмөттү түзүү боюнча мунасага келбей жатышат. Өлкө саясий туңгуюкка кептелгенине экинчи аптага ооду. Бүгүн кечке жуук сүйлөшүүлөр улантылышы керек. Азыр консервативдүү партия менен социалисттер биргелешип түзүп жаткан коалицияга анча чоң эмес демократиялык солчул партия кириши мүмкүн болуп турат. Кечээ өлкөдө үнөмдөө максатында бюджеттин чыгашаларын олуттуу кыскартууга каршы болгон партиялардын бири – “СИРИЗА” партиясынын – лидери коалицияга кирбей тургандыктарын жарыялаган. Греция өзүндөгү оор каржылык кризистен чыгыш үчүн Евробиримдик менен Эл аралык Валюта корунан 310 млрд.евро жардамды алууга кызыкдар. Бирок ал үчүн өлкө өзүнүн бюджетинин чыгымдарын кескин кыскартууга барышы керек.

XS
SM
MD
LG