Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан, Пакистанга электр энергиясын сатуу боюнча түзүлгөн CASA-1000 долбоору 2014-жылдын февралында башталат.
Бул тууралуу пакистандык маалымат каражаттары жазып чыкты. Мындай чечим 17-18-майда Дубай шаарында өткөн CASA-1000 долбооруна катышкан мамлекеттер аралык кеңеш менен донорлордун жыйынында кпабыл алынды. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Ооганстан жана Пакистандын энергетика тармагын тейлеген министрлери катышты. Эл аралык донорлордон болсо Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, ЮСАИД жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты.
CASA-1000 боюнча мамлекеттер аралык кеңеш долбоордун акыркы вариантын кабыл алып, аны ишке ашыруунун жолдорун талкуулады. Долбоордун 1-баскычында 1 миң чакырым жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тартуу жана 6 миллиард кВатт/саат электр энергиясын экспортоону камтыйт. Долбоордун алкагында 3 чоң подстанция курулат жана жалпы баасы 950 млн. долларды түзөт.