Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Батыровго каршы кампания баштоо сунушталууда


Жогорку Кеңеш Тышкы иштер министрлигине июн коогалаңына күнөлүү делген Кадыржан Батыровго каршы маалыматтык кампания баштоо тапшырмасын берди. Депутат Каныбек Иманалиевдин мындай сунушу парламент кечээки жыйынында кабыл алган токтомуна кошулду. Кампаниянын алкагында министрлик дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу Батыровдун 2010-жылдын этнос аралык кагылышууга күнөлүү экенин кабарлоого милдеттендирилди. Эл өкүлдөрү Батыров ар кыл эл аралык конференцияларга ээн-эркин катышып жүргөнүн сынга алышты. Жогорку Кеңеш кечээки жыйынынын соңунда парламенттин буга чейинки токтомдорун аткарууну улантуу тапшырмасын тиешелүү органдарга берди. (KKs)

XS
SM
MD
LG