Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Сирияда кырдаал курчууда


Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Коопсуздук кеңешине жолдогон кайрылууда айтылат.

Баш катчы белгилегендей, ок атышууну токтотууну караган план ишке кирип, БУУнун 270 байкоочусу жайгаштырылганына карабай, Сирияда кыянатчылыктар менен укук бузуулар келишүүгө болбой турган деңгээлде күн сайын орун алууда.

“Сириядагы жалпы кырдаал өтө курч бойдон калууда, кээ бир маселелерде гана бир аз жылыш болду”,- деп көрсөтөт БУУнун баш катчысы өз баяндамасында.

Ал кошумчалагандай, президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы күчтөр кээ бир шаарлардын “басымдуу бөлүгүн” көзөмөлдөөдө.

Бул аралыкта Сириянын ичиндеги активисттердин ырастоосунда, өкмөттүк күчтөрдүн кечээ танктар жана артиллерия колдонулган соккуларынан 70тен ашуун киши, анын ичинде 13 бала мерт болгон. Алардын 50дөйү борбордук Хомс провинциясында набыт болушту. (UE)

XS
SM
MD
LG