Кыргыз өкмөтү коррупцияга каршы күрөштү жакшыртуу максатында жемкордуктун бетин ачкан жаранга акчалай сыйлык берүүнү көздөөдө. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сыйлыктын көлөмү коррупциялык аракетти ашкерелөөдөн кийинки бюджетке түшкөн каражаттын 20 пайызын түзөт. Мындай жобо өкмөт тарабынан даярдалган “Коррупция фактыларын ачкан адамдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун негизин түзүүдө. Бул долбоор кечээ өкмөттүн жыйынында талкууланып, анын жыйынтыгында өкмөт мүчөлөрү атайын токтом долбоорун кабыл алууга макулдашты.(KKs)