Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Кыргыз-орус маданий кызматташтыгы талкууланды


Бүгүн Бишкекте кыргыз-орус мамилелери жана маданий кызматташтыгына арналган жолугушуу өттү. Аны Орусиянын Кыргызстандагы илим жана маданият борбору уюштурду. Кече жакында "Шериктештиктин жылдызы" эл аралык сыйлыгынын ээси аталган Кыргызстандын маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовго арналып өткөрүлгөнүн "Азаттыкка" аталган министрликтин маалымат катчысы Эркин Каимов кабарлады.

"Шериктештиктин жылдыздары" эл аралык сыйлыгын КМШнын гуманитардык кызматташтык боюнча кеңеши негиздеген. Быйыл апрелде сыйлык үчүнчү жолу тапшырылды. Орусиянын мамлекеттик китепканасында өткөн салтанатта Ибрагим Жунусовго премияны Мамлекеттик Думанын спикери Сергей Нарышкин тапшырган. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, Жунусовдун үй-бүлөсү жана белгилүү кыргыз коомдук ишмерлери катышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG