Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Нөшөр жаандан айрым жерлерди сел каптады


29-майда кечинде катуу шамалдан кийин нөшөр жаан жаап, Кыргызстандын айрым аймактарын сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда сел суусу үйлөрдү каптап, кээ бир ички жолдордон өтүү мүмкүн болбой калды. Кара-Суу районунда Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолун тазалоо иштери уланууда.

Баткендин Кадамжай районунда 10 турак үйдүн чарбагына сел кирип, ички арыктарды жана жолдорду кум, шагылга толтурган. Селдин кесепетинен Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 125-135-чакырымдарынан өтүү кыйынчылык жаратууда.

Таластын Бакай-Ата жана Манас райондорунда суу каналдардан ашып чыкты, бирок, алдын ала маалымат боюнча, турак үйлөргө залакасы тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG