Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Тибеттик аял өзүн өзү өрттөп жиберди


Кытайдын Сичуань провинциясында бутпарастардын ибадатканасынын жанында үч баланын энеси өзүн өзү өрттөп өлдү. Баш-кеңсеси Лондондо жайгашкан “Эркин Тибет” уюму ал аялдын өлүмүн ырастады. Былтыр марттан бери 35 тибеттик Кытайда бийликтерге нааразылык иретинде өздөрүн өрттөштү. “Эркин Азия” радиосу кабарлагандай, жекшембиде тибеттик эки кечил Лхасада өздөрүн өрттөп жибергенден кийин Кытайдын коопсуздук кызматтары жүздөгөн тибеттикти камаган. Кытайда расмий бийлик өздөрүн өрттөп жаткандарды “террористтер” деп атап келатат. Тибеттиктер болсо өздөрүн өрттөөнү Кытайдын Тибеттеги режимине нааразылыктын түрү катары сыпатташат.

XS
SM
MD
LG