Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Медет Садыркуловдун ишин жаңы судья карай баштайт


Бүгүн Бишкекте президентик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот жараяны уланат. Жабырлануучулардын адвокаты Леонид Лужанскийдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул жолу ишти жаңы судья, Бишкек гарнизондук аскер сотунунун судьясы Марлен Тентимишев карай баштайт. Апрелдин башындагы соңку соттук териштирүүлөр судья Жакыпбек Бектемиров ооруп калгандыктан жана соттолуучулардын башка соттук инстанцияларга арыз менен кайрылганынан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Мурдагы президент Бакиевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов жана анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун өлүмүнө байланыштуу он кишиге айып тагылууда. Кылмышка тиешеси бар делген мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныш Бакиев баштаган бир нече адамдын иши кармалган соң өзүнчө каралганы жатат.

2009-жылы мартта Садыркулов баштаган үч адамдын күйгөн сөөктөрү менен алар түшкөн машине Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG