Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Бишкекте Балдар майрамы өтүүдө


1-июн - Балдарды коргоо күнүнө карата бүгүн Бишкектин парктарында, эс алуучу аянтчаларында балдардын майрамы өтүп жатат. Борбордук жана эски аянтта, Панфилов паркында балдар үчүн түрдүү оюн-зоок уюуштурулган. Майрамдап жүргөн балдарды жана ата-энелерин шаар мэри Иса Өмүркулов келип куттуктады. Балдарды майрамдатып, көнүлүн ачуу иш-чараларын бейөкмөт уюмдар да өткөрүп жатышат. Бала бакчалар да бүгүн өзгөчө шаңга бөлөнүп, концерттик программа тартууланууда. Ал эми балдардын кийим-кечесин саткан дүкөндөр үч күн бою соодасын арзандатылган баада жүргүзмөй болуп жатат. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG