Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Бээжин жана Кабул өз ара кызматташуу келишимин түздү


Мындай келишимге 8-июнда Кытай президенти Ху Цзинтао жана ооган лидери Хамид Карзай кол коюшту. Бээжинде бүгүн жарыяланган орток билдирүүдө Кытай Ооганстанга 24 миллион доллар жардам берери жана чек араны күзөтүүдөн тартып, оорулууларды дарылоого чейин көмөк берери айтылат. Өз кезегинде Ооганстан Шинжаң уйгур региону Кытайдын ажырагыс бөлүгү экенин тастыктады.

Серепчилер 2014-жылы НАТО баштаган эл аралык коалициянын аскерлери Ооганстандан чыгып кеткен соң Кытай Ооганстанда маанилүү роль ойноону көздөп жатат дешет. Буга дейре Кытай Ооганстандын мунай жана башка кендерин чогуу иштетүү жөнүндө макулдашкан.

XS
SM
MD
LG