Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Баткенде милиция менен тургундар кагылыша кетти


Окуяга күбө болгондордун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бүгүн Баткен шаарында митингге чыккан жергиликтүү тургундардын тобу түштөн кийин Тажикстандын 8 жаранын барымтага алышты. Алар Кытайдан Тажикстанга Баткен аркылуу жүк тартып бараткан унаалардын айдоочулары экени айтылууда. Барымтачылар муну менен эки күн мурда Тажикстанда кармалган үч жердешин бошотуу талабын коюшкан. Барымтага алынгандарды бошотуу үчүн милиция кызматкерлери барганда аларга жергиликтүү тургундар тарабынан каршылык көрсөтүлгөн.

Облустук бийлик тараткан расмий маалыматта милиция чогулгандарды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ атканы айтылат. Тополоң учурунда облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, лейтенант Алибаевге ок тийип, азыр абалы орточо экени да маалымдалууда. Операция учурунда тополоң уюштурду делген 9 адам кармалып, калгандары таратылды.

Барымтага алынган тажик жарандары болсо унаалары менен бошотулуп, Тажикстанга жөнөтүлдү.

Баткенде бүгүн эки жүздөй киши нааразылык акциясына чыгып, облус жетекчилиги менен аксакалдар жолуккандан кийин кайра тарап кеткен эле. Митингчилер тажик күч түзүмдөрү кармап кеткен үч жергиликтүү тургундун бошотулушун талап кылышып. болбосо ар кандай кадамдарга бараарын эскертишкен.

20-июнда Тажикстандын аймагында баткендик үч жаранды сымап алып жүргөнү үчүн деп тажик күч түзүмдөрү кармап кеткен. Кармалгандардын бошотулушун талап кылган алардын жакындары кечээ Баткенге соода кылганы келген 19 тажик жаранын барымтага алган. Жергиликтүү бийлик жана милициянын кийлигишүүсү менен алар ошол эле күнү бошотулган. (SM)

XS
SM
MD
LG