Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Кыргызстандык үч баланы АКШ жарандары асырап алды


Бир апта мурда кыргызстандык үч баланы АКШ жарандары багып алды. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министринин орун басары Гүлнара Дербишева парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул балдар америкалыктар асырап алууну көздөгөн 65 баланын катарына кирет.

Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын айрым депутаттары 2008-жылы бир нече коррупциялык схемаларды таап чыгып, анын негизинде башка өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстандан бала асыроосуна мораторий жарыяланган. Натыйжада АКШ жарандары багып алабыз делген алтымыштан ашык бала Америкага кетпей калган. 2011-жылдын май айында чет өлкөлүк асыроого мораторий алынган болчу.

Азыр Жогорку Кеңеш Гаага шаарындагы Балдарды коргоо жана чет өлкөлүк асыроо боюнча конвенцияны ратификациялоо маселесин карап жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG