Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

30-июнга карата аба ырайы


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 3-июлга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

30-июнда Кыргызстандын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29...34 градус ысык,
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15 градус, күндүз 20…25 градус ысык.
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 20…25,
Тоолордо түнкүсүн 0…-5, ал эми күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 15…17, күндүз 29…31 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 28-июнда күндүз +21, 29-июндун таңында +20 градус болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG