Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

“Мен Кыргызстанды ачам” долбоору башталат


Долбоордун максаты – жаштар арасында улут жана аймак аралык чыр-чатактарды кыскартуу. Бул үчүн өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген бештен бала бардык облустарды кыдырат. Алар бир айдын ичинде аймактын жаштары, бийлик, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугат, эл-жерин көрүп, көйгөйлөрү менен таанышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоордун координатору Марат Абдыкапар уулу кабарлады. Анын айтымында, ушул долбоорго катышуу үчүн жаш активисттерге сынак жарыяланды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG