Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Ысык-Көл: Облустук китепканага Сыдыкбековдун ысымы ыйгарылды


Ысык-Көл облустук китепканасына кыргыздын залкар жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук администрациянын маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Быйыл 110 жылдыгын белгилеп жаткан китепкана буга чейин В.И.Ленин атындагы болчу. Жалпы фонду 102 227 нуска китеп, жылына сегиз миңдей окурманды тейлейт. Китепкананын ишин жаңыртып жакшыртууга жергиликтүү бийлик 100 миң сомдой каражат бөлүп берген. Ушул эле жерде майыптарды тейлөө үчүн Маалыматтык-маданий борбор иштейт.

Быйыл Сыдыкбековдун 100 жылдыгы белгиленип жатат. Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, академик Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында көлдүн Түп районунда туулган. «Күрөш» деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу атактуу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору. Сыдыкбеков «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG