Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Румынияда парламент президентке импичмент жарыялоо аракетин баштады


Траян Басэску
Траян Басэску
Буга чейин парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеген социал-либералдар союзу эки палатанын тең спикерлерин, президент Траян Басэскунун союздаштарын кызматтан кетиргенге жетишкен. Өкмөт болсо Жогорку сот импичмент маселесине кийлигише албай турган атайын жарлык чыгарган. Бүгүн болсо парламентте аталган социал-либералдар союзу президентке импичмент жарыялоону талкуулаш үчүн эки күндүк атайын жыйынга чогулду.

Эгерде парламент мамлекет башчыны кызматтан кетириш боюнча чечим чыгарса, анда ал бир айдын ичинде элдик референдумга коюлушу шарт. Басэску премьер-министр Виктор Понтанын парламенттеги көпчүлүк колдоочуларынын аракети Румыниядагы демократияга коркунуч туудурат деп билдирди. Жумурияттагы саясий кризис боюнча камтамачылыгын АКШ менен Евробиримдик да билдиришти.

XS
SM
MD
LG