Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Бүгүн Ливияда 60 жылдан берки алгачкы эркин шайлоо өтүп жатат


200 орундуу улуттук ассамблеянын мүчөлөрүн бүгүн 2 млн.700 миңдей шайлоочу тандайт. Шайланган улуттук ассамблея кийин жаңы өкмөттү курап, жумурияттын конституциясын жазышы керек. Баш калаа Триполидеги шайлооканаларга добуш берүүчүлөр көп келип, адамдар кезекке туруп калышканы кабарланууда.

Бир нече миң талапкердин ичинде исламчылдар көп экени белгилүү. Ливиянын чыгышында шайлоого бойкот жарыялоо чакырыктары да болду. Жума күнү Бенгазидеги демонстранттар бул чөлкөмдөн чыккандарга парламенттен 60 гана орун тийээрин, батыштыктарга жүздөн ашуун орун энчиленээрин айтып кейишти. Бенгазинин чет жакасында кечээ добуш берүү үчүн документтерди ташып бараткан тик учак жерден атылып, шайлоо комиссиясынын кызматкери курман болгон.

XS
SM
MD
LG