Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Кочкор: Молдо Кылыч айылында мектепти куруу токтоп калды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Жусупбеков билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы мартта зилзаладан толук кыйрап калган мектептин ордуна жаңысы курулуп, дээрлик 90 пайыз бүткөн. Аягына чыгаруу үчүн дагы 7,5 миллион сом керек. Бирок быйыл акча бөлүнгөн эмес.

Молдо Кылыч айылында 200дөн ашуун окуучу бар. Буга чейин алар чатырда, андан кийин эски сарайда окушкан. “Жаңы окуу жылында кайдан билим алары белгисиз”,- дейт Жусупбеков.

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку адиси Бакыт Кадыркуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, жыл башында Каржы министрлигине куруу керек деген 175 мектептин тизмеси жөнөтүлгөн. Мурдагы жылы жана былтыр 46 мектепти куруу иштери башталган. Алардын теңине жакыны 80-90 пайыз курулуп бүткөн. Аягына чыгаруу үчүн 107 миллион сом керек. Бирок акча толук берилбей жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG