Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчилиги алмашты


Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчиси Марс Жусупбеков кызматтан алынып, анын ордуна Дөлөт Султанкулов дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф билдирди.

Никсдорфдун маалыматында, мындай өзгөрүүлөр Жаза аткаруу кызматындагы кезектеги кадрлардын ротациясынан улам жасалды. Ушундай эле жол менен №3 түзөтүү колониясына Батыр Калыгулов жана № 59 тергөө абагына Улан Сатыбалдиев дайындалды.

Иштен бошотулган Марс Жусупбеков Жаза аткаруу кызматынын башкы штабынын инспекторлук кызматына которулат.

Ушул жылдын январь айында Кыргызстанда абактарда массалык нааразылык акция өтүп, жүздөгөн адамдар ооздорун төөнөп алышкан эле. Алар Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы Шейшенбек Байзаковдун кызматтан кетишин, абактардагы шарттын оңолушун талап кылышкан.

Он күнгө созулган бул акция №1 абакта башталган. Жаза аткаруу кызматы анын алдында аталган түрмөдө атайын операция жүргүзгөн. Бейрасмий маалыматтар боюнча №1 абак кылмыш чөйрөсүнүн уюгу, каражат топтой турган негизги жери аталып келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG