Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Башкы прокуратура Кумтөр боюнча текшерүү жүргүзөт


Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчетунун негизинде токтом кабыл алды. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү менен алтын кенди иштетип жаткан “Центерра Голд Инк” компаниясынын 2003-жылдагы келишими өлкө кызыкчылыгына каршы келет деп табылды.

Мамлекеттик комиссияга ушул жылдын 1-октябрына чейин эл аралык эксперттер менен бирге кенди иштетүүдөгү зыяндарды аныктап-баалоо, бир катар келишимдерди кайра карап чыгуу тапшырылды.

Кыргыз өкмөтүнө 2010-жылы 25-марттагы жер берүү тууралуу токтомду жана айрым лицензияларды жокко чыгаруу сунушталды.

Документке ылайык, Башкы прокуратура Кумтөр боюнча түзүлгөн бардык келишимдерди жана башка документтерди иликтейт. Парламенттин маалымат кызматы билдиришинче, текшерүү үчүн прокуратура баштаган мекемелер аралык комиссия түзүлөт.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 6-июлда Кумтөрдө болуп, кенди иштеткен "Центерра Голд Инк" компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимдин шарттарын карап чыгуу керектигин билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG