Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Байкоочу кеңеш КТРКнын өнүгүү стратегиясын талкуулайт


Бүгүн КТРКнын Байкоочу кенешинин кезектеги жыйыны болот. Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Кылычбек Султанов билдирди.

Байкоочу кеңештин жыйынында КТРКны өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы жана уставы талкууланат.

Султановдун айтымында, жаңы стратегия КТРКнын заманбап шарттарына жооп берип, өнүктүрүү максатын көздөйт. Ал эми жаңы уставды телеканалдын жыл башында кабыл алынган “Коомдук телеберүү тууралуу” мыйзамга ылайыкташтыруу каралат.

КТРКнын жаңы Байкоочу кеңеши 18-апрелде парламент тарабынан куралган. 15 адамдан турган кеңеште президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун бештен өкүлү бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG