Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Аба ырайы: шашылыш кабар


Кыргызстанда 13-14-июль күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам тоолуу жана тоо этектеген ойдуң жерлерде сел жүрүшү мүмкүн.

14-июлда Ысык-Көлдө жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27 градус жылуу.

Бишкекте 14-июлда жаан жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15... 17, күндүз 30... 32 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 12-июлда күндүз 20, ал эми 13-июлда эртең менен 19 градус болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG