Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Ош: Өзбекстан “Достук” өткөрмө бекетине чектөө киргизди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара аскерлеринин төрага орун басары Таалайбек Адашпасов билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан өткөрмө бекетти бир тараптуу жапкан жок, бирок каттоого чектөө киргизди. Учурда өзбек тарап өзүнүн гана жарандарын өткөрүүдө.

Адашпасов өзбек тарап Ала-Букадагы чек арадагы атышууга байланыштуу ушундай кадамга барган болушу мүмкүн экенин айтып, учурда сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Ала-Букадагы окуя боюнча бүгүн кыргыз-өзбек чек арачыларынын жолугушуусу өткөнүн кошумчалады.

2010-жылдагы Кыргызстандагы окуялардан кийин Өзбекстан "Достук" жана башка 7 чек ара бекетти жаап салган болчу. Расмий Ташкент “Достукту” көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин былтыр 26-октябрда гана ачкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG