Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:34

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Касенов сурак берүүдө


Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Адилет Касенов учурда Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгында сурак берүүдө. Ал Дубай шаарынан Бишкекке түндө алынып келинген. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов кабарлады.

Касеновго 2011-жылы 168-241-341-беренелер боюнча (“Карактоо”, “Мыйзамсыз курал алып жүрүү” жана “Бийлик өкүлдөрүнө кол салуу”) кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган болчу.

“Камчыбек Көлбаевдин тобунда турган, бир катар оор кылмыштарды жасап, издөөдө жүргөн Касенов Кыргызстанга алынып келинди. 2012-жылдын февраль айында автомат менен куралданган Камчы Көлбаевдин адамдары милиция кызматкерлерине кол салып, курал-жарактарын, буюмдарын тартып алган. Алардын ичинде Касенов да болгон. Ушул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Уюшкан кылмыштуу топтун кармала элек мүчөлөрүн кармоо боюнча да министрлик тиешелүү иштерди көрүүдө”, - деди Сейитов. Тергөө материалдары сотко өткөнгө чейин Касенов убактылуу кармоо жайында кармалат.

Көлбаев жан-жөкөрлөрү Алмамбет Анапияев, Адилет Касенов менен Дубайдын полициясы тарабынан колго түшүрүлүп, бирок кайрадан боштондукка чыгарылганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG