Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Лондон 2012: Кыргыз дзюдочусу күрөшөт


Лондондо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий күрөшөт. Ал алгач румын спортчусу Владом Симонеску менен беттешет.

27-июлда башталган Олимпиада оюндарында кыргызстандык алты спортчу мелдештерге катышты.

Буга чейин кыргызстандык жел кайыкчы Илья Игнатьев, оор атлетчи Бекзат Осмоналиев, мылтык атуу боюнча Руслан Исмаилов, сууда сүзүүдө Дмитрий
Александров жана Дарья Таланова жана дзюдочу Чыңгыз Мамедов байгелүү орундарга илинбей калышкан.

Кыргызстан Лондонго 14 спортчусун аттандырган. Алар спорттун 10 түрү боюнча таймашууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG