Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, кыргыз аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Орусиядагы машыгуусуна катышат. Бүгүн башталган машыгуу 10-августта аяктамакчы. Кыргыз тарап аскердик окууга чалгындар тобун жана тоо шартына ылайыкташкан көзгө атаар мергендерди жиберди. ЖККУга кирген мамлекеттердин аскерлери негизинен мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү жок кылуу, каршылаштардын мизин кайтаруу боюнча машыгат.
ЖККУга жети мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө болчу. Бирок жакында Өзбекстан бул уюмдан чыгып кетти. ЖККУ түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл толду. (EBM)
ЖККУга жети мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө болчу. Бирок жакында Өзбекстан бул уюмдан чыгып кетти. ЖККУ түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл толду. (EBM)