Египеттин Синай жарым аралында коопсуздук күчтөрү менен шектүү исламчыл согушкерлердин ортосунда кагылышуулар кайрадан тутанды. Мамлекеттик "Нил ньюс" агенттиги Ал-Ариш шаарында полиция бөлүмүнө жакын жерде ок атышуу болгонун маалымдады. Алдыңкы күнү шаардын жанындагы айылдардын биринде армиянын аба соккусунан 20 чакты согушкер набыт болгон. Сокку жөнүндөгү чечим жекшембиде белгисиз куралчан адамдар Израил менен чек арада египеттик 16 полициячыны өлтүрүп кеткенден кийин кабыл алынган. Президент Мухамед Морси ал кол салуудан кийин атайын кызматтын жетекчисин жана түндүк Синай чөлкөмүнүн губернаторун кызматтарынан алган.