Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:22

Араб министрлери Сирия боюнча чукул жыйынын күтүүсүздөн кийинкиге калтырды


Саудиянын Жидда шаарында бүгүнкүгө белгиленген жыйында Сириядагы кризис талкууланмак. Ошондой эле Араб лигасынын Сирия боюнча жаңы чабарманын дайындоо маселеси каралмак.

Мурунку чабарман Кофи Аннан анын алты пункуттан турган тынчтык планы ишке ашпаган соң кызматтан чегинген.

Бирок Араб лигасынын баш катчысынын орун басары Ахмед Бен Хеллинин Каирден кабарчыларга билдиргенине караганда, Сирия боюнча жыйын “кийинкиге калтырылды”. Ал мунун себептерин түшүндүрүүдө баш тартты.

Бул аралыкта Сирия бобору Дамаскта жана Алеппо шаарларында уруш уланууда.

Кечээ Түркияда сүйлөшүүлөрдө өткөргөн АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун билдиргенине караганда, аталган эки өлкө Сириянын оппозициясына жардам берүү боюнча деталдуу пландын үстүнөн иштөөдө.

Клинтон кошумчалагандай, Вашингтон менен Анкара президент Башар Асаддын режими кулаган учурга, химиялык куралдын колдонулуш жана качкындар саны көбөйүш ыктымалдуулугуна да даярдыктарды көрүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG