Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулунун баласы Каныбек Бакиров Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынын милициясынын үстүнөн арыз жазды. Облустук прокуратурада тергөөчү болуп иштеген Бакировдун “Азаттыкка” билдиришинче, аны 11-августта түнү унаасы бузулуп жол боюнда токтоп турганда милиция кызматкерлери келип документтерин көрсөтпөй, уруш чыгарып күч колдонгон. Жанындагы 15 миң долларынын 11 миңин алып алган.
Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү мындай дооматты четке кагууда. Бөлүмдүн башчысы Мурат Тогузаков тескерсинче Каныбек Бакиров баш бербей, агрессивдүү мамиле жасаганын "Азаттыкка" билдирди. Акчасы уурдалды деген дооматтарды четке какты. Учурда бул иш боюнча териштирүү башталды, кылмыш иш козголо элек. (EBM)