Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Аргентинада экс-президенттин соту башталды


Мурдагы президент Фернандо де ла Руа парламент сенаторлорун чоң суммадагы акчага сатып алган деп айыпталууда. Руа 2000-жылы эмгек мыйзамын парламенттен өткөрүш үчүн мыйзам чыгаруучулардын тобуна 5 млн. доллар пара бергени иликтенүүдө. Экс-президент бул дооматты четке кагып, саясий ыдык көрсөтүү деп баалады.

Фернандо де ла Руа 2011-жылы экономикалык кризистин айынан элде нааразылык күч алгандан кийин президенттик кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG