Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24

Бишкекте Тез жардам унаасы кырсыкка кабылды


18-августка карган түнү саат 03:30 чамасында Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес үлгүсүндөгү тез жардам унаасы менен БМВ үлүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Бул тууарлуу "Азаттыкка" саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришти.

Жеңил унааны айдап бараткан ИИМдин ыкчам кызматкери мас абалында экени айтылууда. Жол кырсыгынын жыйынтыгында дарыгердин далысы сынып, дагы бир медицина кызматкери менен мас абалындагы айдоочу жабыркаган.

Тез жардам унаасында нес абалда ооруканага алынып бараткан бейтап болгон. Медициналык тез жардамдын унаасы такыр жарактан чыгып калганы айтылууда.

Ал эми ИИМден бул тууралуу маалымат азырынча белгисиз экенин билдиришти.(AKu)

XS
SM
MD
LG