Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде апрель окуясында набыт болгондор эскерилип, ага премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүүрбек Бабанов катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Ушул эле иш-чарага вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Гүлнара Асымбекова, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жана маркумдардын жакындары катышты. Набыт болгондорго куран окулду.
2010-жылдын 7-апрелинде өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясынын катышуучуларына ок ачылып, 90го жакын адам мерт болуп, 500дөн ашуун адам жараат алган. (КЕ)
2010-жылдын 7-апрелинде өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясынын катышуучуларына ок ачылып, 90го жакын адам мерт болуп, 500дөн ашуун адам жараат алган. (КЕ)