Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Пакистан: Имам Куранды бузук максатта пайдаланды деп шектелүүдө


Куранды кордоду деп шектелген 14 жаштагы пакистандык тарса кыз юристтердин иш таштоосуна байланыштуу жума, 7-сентябрга чейин абакта калат. Бул жөнүндө Исламабаддын соту маалымдады. Римша Масиф 16-августта Курандын барактарын өрттөдү деп камалган. Күнөөсү далилденсе Пакистандын мыйзамына жараша, окуучу кыз өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бирок жекшемби күнү жергиликтүү имам Халид Чишти Курандын өрттөлгөн барактарын келегей кыздын баштыгына атайлап салып койгон деп шектелип камакка алынды. Имам коңшу мааледен христиандарды кууп чыгууну көздөп, берегидей кадамга барганы айтылууда.

Дарыгерлер кыздын акылы жетик эмес экенин тастыкташты. Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюму имамдын камакка алынышын Пакистан үчүн “болуп көрбөгөн окуя” деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG