Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

АКШ Ливиядан ал-Сенуссиге акыйкат сот жараянын камсыздоону суранды


Шаршембиде Мавритания Ливиянын жаңы бийлигине мурдагы өлкө лидери, диктатор Муаммар Каддафинин чалгын кызматынын жетекчиси Абдулла ал-Сенуссини өткөрүп берди. 

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Патрик Вентрелл ливиялык бийликтерден ал-Сенуссинин коопсуздугун камсыз кылып, эл аралык нормаларга ылайык адилет сот жараянын уюштуруп берүүнү өтүндү. Human Rights Watch уюму расмий Триполини Эл аралык кылмыш соту менен кызматташып, буга чейин ал-Сенуссиге тагылган адамзатка каршы кылмыш деген айып боюнча кеңешүүнү сунуштайт.

Ал-Сенусси март айында Мавританияда кармалган. Ал Ливияда Каддафинин режими маалында жасалган кылмыштар үчүн айыпталууда.  
        
Франция Абдулла ал-Сенуссини 1989-жылы Нигер мамлекетинин аймагында француз авикомпаниясынын учагын атып түшүрүп, анда 170 киши набыт болгон окуя үчүн өмүр бою эркинен ажыраткан.

 

XS
SM
MD
LG