Коомдук каналдагы маегинде Алмазбек Атамбаев Орусия менен түзүлгөн келишимге ылайык, 2013-жылдын февралына чейин Жогорку Нарындагы 4 ГЭСтин техника-экономикалык негиздемеси даяр болоорун билдирди. Андан соң март-апрель айларында Жогорку Нарындагы ГЭСтер салына башташы керек.
Президенттин айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу бир топ убакытка созулушу мүмкүн:
- Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу кичине кеч болушу мүмкүн. Биз шашпай коңшуларга айтып, аларга да керек экенин түшүндүрүшүбүз керек. А чындыгында баары макулдашылган, кол коюлган.
Орусия менен биргеликте Нарын дарыясында Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадында 4 ГЭС куруу боюнча келишимге орус президенти Владимир Путиндин өткөн жумадагы расмий сапарын учурунда кол коюлган. Ага ылайык, ГЭСтердин курулушун толугу менен Орусия каржылайт. Курулуш аяктаган соң эки өлкө 50 пайыздык акцияларга ээлик кылышат.(BkA)