Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Германияда орус тыңчылары деп шектелгендер кармалган


Өлкөнүн Федералдык прокуратурасынын бейшембидеги маалыматына караганда, камакка алынып, айып коюлган жубайлар акыркы 20 жылдан ашуун мезгилден бери Орусиянын тышкы чалгын кызматы үчүн иштеп, Евробиримдиктин жана НАТОнун стратегиясы тууралуу маалымат чогултушкан.

Жубайлар Германияга Австриянын теги Түштүк Америкалык жарандары катары 1988, 1990-жылы киришкен жана иши үчүн жылына 130 миң доллар акы алып турушкан.

Немис прокуратурасы орус тыңчылары деп шектелгендер боюнча башка маалымат тараткан жок.

Алар былтыр октябрда эле камакка алынышкан. Немис маалымат каражаттарынын жазганына караганда, мындай окуя Германияда Кансыз согуш доорунан бери алгач ирет катталууда. (UE)

XS
SM
MD
LG