Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Римде 30 миңдей киши каражатты кыскартууга каршылыгын билдиришти


Италиянын борбору Рим шаарында 30 миңдей киши, негизинен эки ири кесиптик кошуундун мүчөлөрү өкмөттүн коомдук секторго бөлүнгөн каражатты кыскартуу пландарына каршылыгын билдиришти. Өкмөт мындай чара өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн зарыл деп ырастоодо. Премьер-министр Марио Монти 2014-жылга чейин 43 миллиард евро үнөмдөө долбоорун жарыялаган. Ага ылайык, коомдук сектордо иштегендердин 10 проценти жана жетекчилик кызматтагылардын 20 проценти кыскартылууга тийиш. Соңку статистикага караганда, Италияда июль айында жумушсуздуктун деңгээли 10,7 процентке өскөн. Бул – 2004-жылдан берки эң жогору көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG