Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Ошто ажыга жөнөгөн бир аялдын өлүмүн эмдөөдөн көрүп жатышат


Ошто 66 жаштагы аял эмделгенден кийин каза болду. Анын 66 жаштагы жолдошу дагы оор абалда реанимацияга түшкөн. Мындай маалыматты “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.

Жубайлар ажы сапарына камданып жатышкан. Каза болгон Хабибахон Пирдависханованын келини Дилфуза Пирдависханованын айтымында, 23-сентябрь күнү ажы сапарын уюштуруучулар Кара-Суу шаарынын борборундагы мечитке Меккеге бара тургандарды чогултуп эмдеген. Хабибахон Пирдависханова 27-сентябрь күнү каза болгон, абышкасы Султанхан Пирдависханов ошол күнү ооруканага жатып калган. Жакындары картайган адамдардын организми текшерилбей туруп эмдөө жасалган деп өлүмдүн себебин вакцинадан божомолдоп жатышат.

Ал эми муфтий Рахматулла Ажы Эгембердиев эмдөөнү cаламаттыктф сактоо министрлигине караштуу лицензиясы бар дарыгер жасаганын билдирди. Ажыга бараткандарды эмдөө укугу Улуттук хирургия борборунда иштеген дарыгер Нимат Мамажусуповго берилген. Ал 4000ден ашык адам эмделгенин, баары жакшы экенин айтты. Анын пикиринде, аял өзүнүн мурдагы ооруларынан каза болушу мүмкүн. (AKu)

XS
SM
MD
LG