Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Балыкчы – Каракол: Жол белгилер жаңыртылууда


Ысык-Көл облусунда Балыкчыдан Караколго чейинки унаа жолдогу жол кыймылын жөнгө салуучу белгилер жаңыртылып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук жол кыймылынын коопсуздук бөлүмүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди. Анын айтымында, облус боюнча учурда 694 даана жол белгиси жетишпейт.

Ысык-Көл облусунун аймагы боюнча унаа жолдун жалпы узундугу 7 миң 502 чакырым. 5 миң 724 даана жол белгиси керек, бирок бүгүнкү күндө алардын саны 5 миң 28. Светофордун 23 оруну бар, бирок иштегени 13 гана. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG