Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:51

Жолдошева: Комитет төрагалары министрлерди жүдөтүп жатат


Парламенттеги комитеттердин төрагалары министрлерди "сен эмне үчүн менин комитетимдин жыйынына катышпайсың, башканыкына катышасың" деп коколоп жүдөтүп жатат. Бул тууралуу ушу тапта парламентте өтүп жаткан жыйында сөз алган депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди. Ал Жогорку Кеңештеги комитеттердин санын азайтуу аркылуу жалпы иштин натыйжалуулугун жогорулатса болот деген пикирин айтты. Бири-биринин ишин кайталаган комитеттер боюнча маселени чечүү керектигин айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңеш комитеттер маселесин талкуулап жатат. Айрыкча көп талкууну агрардык маселелер жана коррупция боюнча комитеттер жаратууда.

Парламентте 14 комитет бар. (RK)

XS
SM
MD
LG