Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:45

"Ата-Журт" лидерлеринин тарапкерлери Жалал-Абаддан Бишкекке жөө жүрүш жасайт


"Ата-Журт" партиясынын камактагы лидерлеринин тарапкерлери Жалал-Абаддан Бишкекти көздөй жөө жүрүш жасайт. Бул тууралуу ушу тапта Жалал-Абаддын борбордук аянтында камактагы депутаттарды коргоо комитети уюштурган митингде айтылды. Каалоочулар эртең саат 10до ошол жерге чогулуп жолго чыкмай болду. "10 күндүк оокатыңарды ала келсеңер болот" деген кеңеш берилди.

Айрым маалыматтар боюнча, бүгүнкү митингге беш жүздөй адам катышууда. Бирок милициянын баамымда, чогулгандардын саны жүз элүүдөй, ал эми көз каранды эмес байкоочулардын эсебинде эки жүздөй адам турат.

Ачкачылык акциясы да уланууда. Aга 24 киши катышып жатат. (EBM/RK)

 

XS
SM
MD
LG