Евробиримдиктин Дүйшөмбүдөгү дипломаттары бүгүн Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусуна барышты. Тажик өкмөтү июль айында жергиликтүү согушчандарга каршы чабуул жасагандан бери аймакка Батыш дипломаттарынын биринчи ирет келиши. Облустун коопсуздук кызматынын башчысы өлтүрүлгөндөн кийин Хорог шаарында өткөрүлгөн операция кезинде, “Азаттыктын” тажик кызматынын маалымдашына, 70 чакты адам, анын арасында кеминде 20 карапайым жарандын каны төгүлгөн. Өткөн айда Евробиримдик Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, дипломаттык миссияны жана эл аралык уюмдардын Хорогго койо берүүнү талап кылган. Дипломаттар келер алдында Тоолуу Бадахшанга Тажикстандын маңзаттарына каршы күрөшүү агенттигинин 100дөй кызматкери жайгаштырылды.