Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

УКМК: Өзгөн сотунун төрагасы пара үчүн кармалды


Оштун Өзгөн райондук сотунун төрагасы К.Султанов пара алды деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Султанов УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан 17-октябрда 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганы, бул акчаны ал соттолуучу тараптан жеңилирээк чечим чыгарып берүү үчүн талап кылганы айтылууда.

Окуяга байланыштуу Ош облустук прокуратурасы Кылмыш кодексинин "опузалап пара алуу" деген 313-беренесинин негизинде кылмыш иш козгоду. (RK)

 

XS
SM
MD
LG