Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Сириядагы согуш дагы 20 адамды жалмады


Сирия оппозициясынын билдиришинче, козголоңчулардын колундагы өлкө түндүгүндөгү аймактарга абадан урулган соккудан кеминде 20 киши набыт болду. Идлиб жана Алеппо провинцияларындагы төрт шаарча кечээ шамдан кийин жана бүгүн таң азанда абадан бомбаланган. Улуттар уюму жана Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахиминин билдиришинче, Сирияда убактылуу ок атуулар токтотулса, каршы тараптардын өз ара ишенимине негиз болмок.

Бүгүн БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пилай айым Женевада сүйлөп, Сириядагы кырдаал 1990-жылдардын башындагы Босниядагы жаатташтык согушка окшоп баратканын айтып, дүйнө өлкөлөрүн кандуу булоонду токтотуу үчүн чогуу аракеттенүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG